Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Журналисттерге Нарымбаев, Коркмазовдун сотуна катышууга уруксат берилди


Сотко төрагалык кылган Абдуразак Боронбаев жараяндын катышуучуларынан журналисттердин сот жараянына катышуусуна каршы эместигин сурады. Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаев процесстин башын гана тасмага түшүрүүгө уруксат берүүнү сурады. Нарымбаевдин адвокаты Зауман “жашыра турган эч нерсе жок, тарта беришсин” деп жооп кайтарды. Андан кийин судья маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө сот залында кала берүүгө уруксат берген чечим чыгарды.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Коркмазовдун адвокаты анын ден соолугу начар экенин белгилеп, жакынкы арада жүрөгүнө операция жасоо үчүн чет өлкөгө чыгуу зарылчылыгы бар экенин билдирди. Адвокат Айткуловдун өтүнүчүнө Нарымбаевдин жактоочусу менен мамлекеттик айыптоо каршылыгын билдиришти.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин жана ЖК депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук териштирүү 23-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда башталды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG