Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Бишкекте 7 жашка чейинки балдар үчүн башкалка борбору ачылды


Анда балдардан тышкары мектеп жашына чейинки балдары менен аялдар да убактылуу жашай алышат. Борбор Бишкектеги SOS Балдар айылынын алкагында ачылды. Аталган айылдын жергиликтүү жетекчиси Лира Жураеванын айтуусунда, бул борбордо бир эле учурда кыйынчылыкка кабылган алты бала жашай алат. Анда акысыз медициналык жана укуктук жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле зомбулуктан жабыркаган балдар үчүн педагогдор жана психологдор кеңеш беришет.

Лира Жураеванын маалыматына караганда, жакынкы арада мындай борборду Ысык-Көлдө ачуу аракеттери жүрүп жатат. Өткөн жылы Нарында жана Таласта да ушундай борборлор ачылган. Быйыл Баткен, Ош, Жалал-Абат облустарында ачылды.

Жети жашка чейинки балдар жана алардын энелери үчүн башкалка борбору толугу менен Кыргызстандын бюджетинен каржыланат. Ал үчүн 900 миң сом өлчөмүндө грант берилген. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG