Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Жогорку Соттун төрайымы болуп Айнаш Токбаева шайланды


Жогорку Соттун судьялары бүгүн шайлоо өткөрүп Айнаш Токбаеваны мекеменин төрайымы кызматына шайлашты. Добуш берүү ачык өткөнүн “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди. Мурдагы төрайым Феруза Жамашова жарандык иштер боюнча жетекчинин орунбасары кызматына шайланды.

Төрайымдын кылмыш иштери боюнча орунбасары болуп Качыке Эсенканов, административдик жана экономикалык иштер боюнча орунбасар болуп Анархан Базаралиева шайланды.

Добуш берүү ачык шайлоо ыкмасында өттү. Жетекчиликке Токбаева жалгыз талапкер катары көрсөтүлдү.

Жаңы төрайым 55 жашта. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Ош шаардык сотунда төрайым, адвокат болуп иштеген. Соңку жылдары Ош облустук райондор аралык сотун жетектеди.

Мыйзам боюнча, Жогорку Соттун төрагасы үч жылда бир шайланат. Экинчи мөөнөткө барууга акысы жок. (SE)

XS
SM
MD
LG