Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Орусияда он миңден ашуун кыргызстандык шайлоочу катталды


Кыргызстандагы парламенттик шайлоого Орусиянын аймагында туруп добуш берүү максатында он миңден ашуун жаран арыз берди. Алардын тизмеси Бишкектеги Мамлекеттик каттоо кызматына жиберилген. Мекеме Москвадагы кыргыз элчилигине шайлоого катышууга укуктуулардын так санын азырынча жибере элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди:

- Кыргызстандан такталган тизменин келишин күтүп жатабыз. Азырынча биздин эсепте он миңден ашуун шайлоочу бар, бирок Бишкектен тактоо иштерине байланыштуу бул сан өзгөрүшү ыктымал. Орусиянын алты ири шаарында добушканалар ачылды. Жарандар Москвадагы элчиликте, Екатеринбургдагы башкы консулдукта, Новосибирск, Санкт-Петербург, Владивосток жана Красноярск шаарларында добуш бере алат.

Орусияда иштеп, жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 500 миңден көп. Бейрасмий миллиондон ашуун деп айтылат.

Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев чет өлкөлөрдө жүргөн бардык кыргызстандыктар арасында 4699 жаран гана шайлоого катышууга укуктуу экендигин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG