Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

“Ата Мекен" менен Бишкек мэриясы кайра келишим түздү


Бишкек мэриясы "Ата Мекен" партиясынын көчөлөргө илген үгүт жарнактарын алып салууну токтотот. Бул тууралуу "Азаттыкка" баш калаа жетекчилигинин маалымат катчысы Гуля Алманбетова билдирди.

Буга чейин аталган партия мэрия менен эмес, “Тазалык” ишканасы менен келишим түзүп, көрнөк-жарнактарын илген. Бирок калаа жетекчилиги муну мыйзамсыз деп, 50гө жакын үгүт чакырыктарын алып салган. Нааразы болгон “атамекенчилер” сотко кайрыларын билдиришкен эле.

Бишкектеги райондор аралык сот бүгүн келишимди жокко чыгарып, партия эми мэрия менен муниципалдык менчикти ижарага алуу келишимин түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясы да 7-сентябрда бул маселени карап, мэриянын аракетин мыйзамсыз деп тапкан жана мэрияны үгүт жарнамаларын кайра ордуна алып келип илүүгө, кеткен чыгашаны төлөп берүүгө милдеттендирген эле. (SE\JM)

XS
SM
MD
LG