Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Шайлоо-2015: Аялдарды саясий активдүүлүккө үндөгөн акция башталды


Бүгүн Кыргызстанда кыз-келиндерди саясий активдүүлүккө, алдыдагы парламенттик шайлоого жигердүү катышууга үндөгөн кезектеги акция башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын демилгечиси, "Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди. Анын айтымында, OPEN LINE Creative Lab чыгармачыл тобу "Өз добушуңдан жанба!" деген аталышта улуттук маалымат кампаниясынын алкагында анимациялык роликтерди даярдап, жайылтууда. Алардын максаты - аялдардын шайлоо жараянына катышып, добуш берүүсү өтө маанилүү экенин коомчулукка жеткирүү.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын калкынын 50.7% аялдар, ал эми 49,3% эркектер түзөт. Бирок парламентте, өкмөттө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аялдардын саны өтө эле аз экенин укук коргоочулар айтып келет.

Буга чейин "Айкын багыт" уюму "Тең укуктар – жалпы ийгилик" деген маалыматтык өнөктүк уюштурган болчу.

4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт.

"Айкын багыт" фонду ала качууга каршы түрдүү акцияларды өткөрүп келген. Ал кыргызстандык кыз-келиндердин укугун коргойт. (RK)

XS
SM
MD
LG