Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Дүйнөдө түрмөгө түшкөн аялдар саны он беш жылда 50%га өстү


Кылмыш саясатын иликтөө боюнча баш кеңсеси Лондондо жайгашкан институт бүгүн жарыялаган баяндамага караганда, азыр дүйнө өлкөлөрүндө абакта олтурган кыз-келиндер саны 700 миңден ашуун.

Бул акыркы он беш жылда алардын саны 50%га өстү жана түрмөгө түшкөн эркектер санындагы өсүштөн да көптүк кылат дегенди билдирет.

Дүйнө мамлекеттеринде абакта олтурган кыз-келиндердин жалпы санынын жарымы АКШ, Кытай, Орусия (53, 304 миң адам) үлүшүнө туура келет.

Кылмыш саясатын иликтөө институту калктын жанбашына бөлгөндө түрмөдөгү аялдар саны эң көп өлкөлөр катары АКШ, Орусия ( 100 миң кишиге 39.6 ) жана Түркмөнстанды (38.2) атаган.

Институттун директорлорунун бири Жессика Жейкобсондун айтымында, иликтөөнүн жыйынтыгы дүйнө өкмөттөрүнүн терең тынчыздануусун жаратуусу керек.

Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, абактагы аялдар менен кыздардын саны алар аныктагандан көп болушу да мүмкүн. Анткени, кээ бир мамлекеттер маалымат берүүдөн баш тарткан. Кытайдын маалыматы да толук эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG