Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Ооган президенти сексуалдык зомбулукка каршы олуттуу чара көрөт


Президент Ашраф Гани.
Президент Ашраф Гани.

Ашраф Гани жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө каршы олуттуу чара көрөрүн бүгүн ооган президентинин кеңсеси билдирди.

Гани бүгүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен өткөргөн телеконференция учурунда "ооган элинин мыйзамдары, маданияты, диний баалуулуктары жаш балдарга сексуалдык зордук көрсөтүүнү өтө оор кылмыш жана адам укуктарынын бузулушу катары” тааный турганын эскерткен.

Ал Ооганстандын коргонуу жана коопсуздук күчтөрүнүн баардык деңгээлдеги жетекчилерине жаш балдарды сексуалдык жактан пайдалануу көрүнүштөрүн кол алдындагыларды окутуу, тармакта реформа жүргүзүү жана жазалоочу чаралар аркылуу алдын алууну тапшырды.

Президент Ашраф Гани атайын жыйынды Ооганстандын коопсуздук жана куралдуу күчтөрүнүн катарындагы бачабаздык же жаш балдарды сексуалдык жактан пайдалануу көрүнүштөрү боюнча маалыматтар чыккандан кийин өткөрдү.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин апта башында жазганына караганда, ооган офицерлердин балдарды сексуалдык жактан пайдалануусун токтотууга аракет кылган америкалык аскерлер дисциплиналык жазага тартылган.

АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн колбашчысы, генерал Жон Кэмпбеллдин айтымында, президент Ашраф Гани аны өкмөт балдардын укугу бузулушу менен келише албай турганына ишендирди. (UE)

XS
SM
MD
LG