Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Египет “Ал-Жазиранын” журналисттерин бошотту


Баш кеңсеси Катарда жайгашкан “Ал-Жазира” телеканалынын эки журналисти президент Абдул Фаттах ал-Сиси кечирим бергенден кийин бүгүн бошотулду.

Канада жараны Мухаммед Фахми менен египеттик Бахир Мухаммед бүгүн түрмөдөн чыгарылган 100 адамдын арасында болду.

Мамлекеттик медианын кабарына караганда, журналисттердин иши боюнча соттолгон үчүнчү адамга да кечирим берилди.

Ал быйыл февралда президенттин жардыгы менен өлкөдөн депортацияланган австралиялык Питер Грестеби же башкабы, азырынча анык белгисиз.

“Ал-Жазиранын” үч журналистти Египетте расмий акредитация албастан иштеп, өлкөгө зыяндуу материалдарды ободон чыгарган деген жүйө менен алгач он жылга кесилишкен. Кийин аппеляциялык сот жаза мөөнөттү үч жылга түшүргөн.

Прокурорлор аларды Египетте тыюу салынган “Мусулман агайындар” кыймылы менен кызматташкан деп айыптаган. Журналисттер коюлган айыпты кескин түрдө четке кагышкан.

Алардын соттолушу Египет бийлигинин дарегине Батыш өкмөттөрүнүн жана эл аралык укук коргоочу уюмдардын сынын жараткан болчу.

Бүгүн президент ал-Сисинин кечирими менен абактан чыккандар арасында Египеттин айрым таанымал укук коргоочулары дагы бар.(UE)

XS
SM
MD
LG