Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Европа Биримдиги качкындарга миллиард евро бөлөт


Европалык лидерлер Брюсселде өткөн чукул сүйлөшүүлөрдө миллиондогон сириялык качкындарга миилиард евро жардам берүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Европа кеңешинин президенти Дональд Тусктун айтымында, акчалай жардам БУУнун Ливан, Иордания жана Түркиядагы өкүлчүлүктөрүнө берилет.

Европа азыр Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң оор миграция кризисин баштан кечирүүдө. ЕБ аймагына быйыл жыл башынан бери эле 500 миңден ашуун качкын кирген. Алар негизинен согуш оту өчпөй жаткан Сирия, Ирак, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдөн чыккан бозгун-мигранттар.

XS
SM
MD
LG