Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:24

Маматалиев 11 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгын тыкыр иликтөөнү тапшырды


Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев 11 кишинин өлүмүнө байланыштуу жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү.

21-сентябрда Өзгөн – Кара-Кулжа жолундагы кырсыктан жети, Кербен – Үч-Коргон жолунда төрт киши курман болгон.

Абдрахман Маматалиев Ички иштер жана Транспорт министрликтерине эки жол кырсыгын тыкыр иликтөөнү тапшырды. ИИМдин маалыматында кырсыктарга автоунаалардын жогорку ылдамдыгы, айдоочулардын каршы тилкеге чыгуусу жана жол белгилеринин жоктугу себеп болгон. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG