Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

“Курманжан датка” Жапониядан олжолуу кайтты


Режиссер Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка” тасмасы Жапонияда өткөн эл аралык Focus on Asia фестивалында 2-орунду багындырды. Кыргыз тасмасы көрүүчүлөрдүн симпатиясы номинациясында жеңүүчү аталган.

Аталган фестиваль жапондордун Фукуока шаарында 18-22-сентябрь күндөрү өткөн. Баш байгени “Кичи чоң чебер” деген тасмасы үчүн гонконгдук режиссер Эдриан Кван алган.

"Курманжан датка" тасмасын тартууга мамлекеттик казынадан 70 млн. сом сарпталган. Тарыхый тасма буга чейин да бир канча фестивалда жеңишке жетишкен. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG