Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Салимбай байбача "салам дубай" жолдогонбу?


Өзбекстандык кримтөбөл Салимбай Абдувалиев. (Сүрөт интернеттен алынды)
Өзбекстандык кримтөбөл Салимбай Абдувалиев. (Сүрөт интернеттен алынды)

Салимбай байбача деген ат менен белгилүү өзбекстандык авторитет Кыргызстандагы өзбек тектүү электоратка таасир этип, шайлоого бараткан саясий партиялардын бирин колдоого алышы мүмкүндүгү айтылууда.

Бул тууралуу “Майдан” гезити өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты. Анда өзбек ишкери Салимбай Абдувалиевдин ишенимдүү адамы Кыргызстанга учуп келип, Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын биринде өзбек диаспорасынын өкүлдөрү жана “Кыргызстан” партиясынын лидерлери менен жашыруун жолугушканы баяндалган.

“Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы бул маалыматты шайлоонун алдындагы негизсиз каралоо катары четке какты.

Сыр каткан “авиарейс”

“Майдандын” маалыматы боюнча, 20-август күнү Ташкент-Бишкек аба каттамы менен Шомурод Шофайзиев деген өзбек жараны учуп келген. Ал Өзбекстандагы кримчөйрөнүн аталыгы жана таасирдүү ишкер Салимбай Абдувалиевдин ишенимдүү адамы катары белгилүү.

Анда Шомурод Шофайзиев 23-августта Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын биринде “Кыргызстан” партиясынын жетекчилери жана өзбек диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушканы белгиленген. Бул жашыруун жолугушууга партиянын лидерлери Шаршенбек Абдыкеримов, Азиз Турсунбаев жана Ахматжан Рахимов баштаган саясий топ катышканы көрсөтүлгөн. Жолугушууда өзбекстандык конок Салимбай байбачанын “Кыргызстан” партиясын колдоо тууралуу “салам дубайын” жолдогону белгиленген.

“Майдан” гезитинин баш редактору Нургазы Анаркулов бул маалымат ишенимдүү булактан алынганына токтолду:

- Биз бир материал жазардын алдында болушунча тактаганга аракет кылабыз. Башында редакцияга ишенимдүү булактан ошондой маалымат түштү. Анан биз аны дагы кайра тактап, анын чын-бышыгын карап туруп жарыяладык. Ошол ишенимдүү булак берген маалымат боюнча, Ташкент-Бишкек рейси менен келген Салимбай байбачанын ишенимдүү өкүлүнүн биздин бир бакыйган партиянын жетекчилери менен жолукканы кызыгуу жаратты. Мына ошол жашыруун жыйында ал партияны колдоону уюштуруу маселеси көтөрүлгөн экен. Биз эми бул тууралуу коомчулук билүүгө тийиш деген максат менен колдо бар материалды бышыктап туруп жарыяладык.

Байланыштардын башаты каякта?

"Кыргызстан" партиясын негиздеген Шаршенбек Абдыкеримовдун “Аю” корпорациясы июнь окуясы боюнча сыртынан соттолгон Иномжан Абдирасуловго караштуу Оштогу “Эргеш - Ата” компаниясына ээлик кылганы жакында ачыкка чыккан.

Партиянын тизмесинде экинчи болуп катталган парламенттин мурдагы вице-спикери Азиз Турсунбаев болсо июнь окуясы боюнча шектелгендердин дагы бири Жалолиддин Саллохуддинов менен ишкер өнөктөш болгону белгилүү. Азиз Турсунбаев 2005-жылга чейин Өзбекстандан жер семирткич ташыган Саллохуддиновго караштуу “Ошкрастекст” компаниясынын жетекчи орун басары болгон. Башкы прокуратура буга чейин Жалолиддин Саллохуддинов менен Иномжан Абдирасуловдун Ташкентте баш калкалап жүргөнүн маалымдаган.

Улуттук коопсуздук маселеси боюнча эксперт Талант Раззаков бул ишкер байланыштар терең иликтөөнү талап кыларын белгиледи:

- Салимбай байбача Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүн жана ишкер чөйрөнү калчаган адам катары таанылган. Эми анын таасири бир эле Өзбекстанда эмес, Кыргызстанда да бар. Ошол адамдын ишенимдүү өкүлү бул жакка келип, кайсы бир партияны колдоо тууралуу жолугушууга катышканы өтө чоң тынчсызданууну жарата турган маселе. Анткени бизде кылмыштуу жана ишкер байланыштар өз ара чиеленишип отуруп, аралашып калган. Анан мына ошонун жыйынтыгы бизге карата сырткы таасирди күчөтүп отурат. Бул жерде аныгына жетип туруп, катуу чара көрүү зарыл. Мындай оюндардын аягы эмне менен бүткөнү бардыгыбызга маалым.

“Кыргызстан” партиясы четке кагат

Ошол эле кезде “Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы “Майдан” гезитинде жарыяланган материалды чындыкка коошпогон маалымат катары четке какты. Штаб башчысы Канат Турганбеков партиянын жетекчилиги чет элдик өкүлдөр менен жашыруун жолугушууларды өткөрбөйт деп так кесе жооп берди:

- Биз сиздер айтан Салимбай байбача, Шомурод дегендерди керек болсо тааныбайт экенбиз. Биздин партиянын жетекчилери аларды тааныбаса кантип жолугушат? Биздин партиянын башчылары бирөөлөр менен эч кандай жашыруун жолугушууларды өткөргөн эмес жана өткөрбөйт дагы. Партиянын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов учурда Ош менен Баткенде эл менен жолугушуп жүрөт. Анан эми гезиттер ойлоп таап эле ар нерсени жаза беришет да.

Бул партиянын тизмесинде партиянын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун алдында 57-орунда катталган мурдагы Кара-Суунун мэри Ахматжан Рахимов коомчулукка “Ахмат палван” деген ат менен белгилүү. Гезитке жарыяланган маалыматта ал дагы мына ошол жашыруун жолугушууга катышы бар лидерлердин бири катары сыпатталган.

Ахматжан Рахимов Салимбай байбачанын аталган партияны колдогону тууралуу маалыматты мындайча жокко чыгарды:

- Мына ошол өзбекстандык адамдар келип, биздин партияга кантип колдоо уюштура алат? Президент Каримов алардын бул жакка ошондой максат менен келгенин билсе эмне болорун билесизби? Мүмкүн эми жайында алар өздөрүнүн иши менен Көлгө келип, эс алып кеткендир. Алар жөн эле бул жакка конокко келсе деле биз менен байланыштыра берген туура эмес да.

“Абу-Сахийге” байланган “түйүндөр”

Интернет желесинде Өзбекстандагы ишкердик “империясынын” көмүскө кожоюну жана криминалдык чөйрөнүн таасирдүү аталыгы катары мүнөздөлгөн Салимбай Абдувалиевдин Кыргызстан менен байланышы тууралуу көп маалыматтар чыккан. Айрыкча анын Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу жүк ташыган “Абу Сахий” компаниясын калкалаганы айтылып жүрөт. Ага чейин “Абу Сахий” компаниясы президент Каримовдун кенже кызы Лола Каримовага караштуу экени интернетке жарыяланган.

Бул фирманын Кыргызстандагы өкүлү болуп иштеген Жыргалбек Калмаматов дагы учурда “Кыргызстан” партиясынын тизмесинде бешинчи орунда шайлоого баратат. Жыргалбек Калмаматов “Абу-Сахийдеги” ишин мурда эле тапшырып бергенин билдирди:

- “Абу-Сахий” деген фирманы мен төрт жыл мурун эле өткөрүп бергем. Бүгүнкү күндө мурда бажы терминалында иштеген жигит аны иштетип жатат. Төрт жылдан бери ал фирма менен менин байланышым жок. Азыр ал ишкана Алмаз дегендин фирмасы.

Талдоочулардын баамында, мына ошентип бизнес-өнөктөштүктүн негизинде куралган мындай ишкер байланыштардын жыйынтыгы саясий тилектештик менен коштолууда.

XS
SM
MD
LG