Жалал-Абад облусунун аймагында 14-21-сентябрь күндөрү ички иштер кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн “Арсенал” рейдинде жергиликтүү тургундардан 10 даана ок атуучу курал жана 7 ок-дары алынды.
Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 4 куралды жарандар өз ыктыяры менен беришкен.
Калгандары оперативдик маалыматтардын негизинде, айрым жарандардын үйүн тинтүү учурунда табылган. (RsK)