Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Иракта "кара тумоого" кабылгандар көбөйүүдө


Террордук топтордун кол салууларынан чарчаган ирактыктар эми "кара тумоого" каршы күрөш баштады. Илдет алгач баш калаа Багдаддан 25 чакырым алыстагы Абу-Гариб шаарында пайда болуп, учурда оору жуктургандардын саны 121 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 23-сентябрда билдиргендей, алардын төртөө каза тапты.

"Кара тумоо" ушул күндөрү Фират дарыясын бойлой түштүк облустарга ылдам тарап жатат. Илдет суу жана азык-түлүктөн жугарын адистер белгилешүүдө.

Көп жылдан бери согуш токтобой жаткан Иракта суу жана канализация тармактары эскирген.

Премьер-министр Хайдар ал-Абади тийиштүү органдарга ооруну алдын- алуу, жайылтпоо үчүн бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле террорчулардан качып, баш калка издеп лагерлерде жашап жаткандарга бөтөлкөдө суу жеткирүү милдети коюлду. (SE)

XS
SM
MD
LG