Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Өспүрүмдөр чогулган жерлерди милиция текшерет


Бишкекте өспүрүмдөр чогулган жерлер милициянын такай көзөмөлүнө алынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Ички иштер министрлиги өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн алар топтолгон жерлер тууралуу күч органдарына ыкчам кабар берүүнү коомчулуктан суранган.

Соңку күндөрү өспүрүмдөр катышкан мушташтар көп каттала баштады. Өткөн жумада баш калаада эки мектептин окуучулары жаңжалдашып, төрт бала бычакталган. Ушундай эле чырдан Нарында бир, Бишкекте бир окуучу каза болду. (SE\AiA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG