Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Ооганстанда балдарды сексуалдык жактан кордогондорго чара көрүлмөй болду


Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөгү балдарга болгон сексуалдык зомбулуктун алдын алуу үчүн олуттуу чаралар кабыл алынышы керектигин айтып чыкты.

23-сентябрь күнү Ганинин кеңсесинен видео байланыш аркылуу өлкөнүн бардык коопсуздук жетекчилерине балдарга карата сексуалдык зомбулуктун жолун бууп, улуттун маданий баалуулуктарын мыйзам чегинде сактоо керектиги тууралуу тапшырма берди.

Ооганстандын коопсуздук жана куралдуу күчтөрүнүн катарындагы бачабаздык же балдарды сексуалдык жактан пайдалануу жөнүндө “Нью-Йорк Таймс” гезити акыркы санында жазып чыккандан бери эл аралык уюмдардын кызуу талкуусун жараткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG