Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Орусияда Николай экинчи жана аялынын сөөгү кайра казылды


Орусияда Падыша Николай экинчи менен аялы Александранын сөөгү эксгумацияланды.

Монархтын өлүмү тууралуу кылмыш иши козголуп, окуя кайрадан тыкыр иликтене баштады дейт иликтөөчү топтун өкүлү Владимир Соловьев.

Санкт Петербургдагы Ыйык Петр соборундагы көрүстөнгө коюлган Николай экинчи, анын аялы Александра жана 1881-жылы өлгөн император Александрдын сөөгүнөн үлгүлөр алынды.

Романовдор 1917-жылы тактан кулатылган. 1918-жылы Николай экинчи, аялы, төрт кызы жана уулу Александрды Екатеринбург шаарында өлтүрүшкөн.

1993-жылы үч кызы менен падыша жана жубайынын сөөгү жалпы мүрзөдөн табылып, Санкт Петербургдагы Ыйык Петр соборуна кайра коюлган.

Падышаны өлтүрүү боюнча кылмыш иши 2000-жылы козголгон (BCh)

XS
SM
MD
LG