Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Йеменде жанкечти чабуулунан 25ке чукул киши өлдү


Йемендин борбору Сана шаарындагы Балили мечитине Курман айт намазын окуганы келген эл арасына жанкечтинин кол салуусунан кеминде 25 адам мерт кетип, бир нечеси жаракат алды.

Жарылуу алгач мечиттин ичинде болуп, андан соң имаратка кире бериште да кайталанган.

Бул мечитте Сана шаарын көзөмөлдөп турган Хутхи шииттери ибадат кылчу. Азырынча жардыруунун жоопкерчилигин бир да тарап моюндай элек (BCh).

XS
SM
MD
LG