Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Мекеде өлгөндөр арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда


Сауд Арабиясында ажылык сапар учурунда тебелендиде калып өлгөн жүздөн ашуун зыяратчылардын арасында кыргызстандыктар бар же жок экени белгисиз. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы учурда тактоо иштерин жүргүзүп жатканын муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, бүгүн ажыга баргандардын баары негизги зыярат амалдарын аткарып жүргөндүктөн, байланышуу мүмкүн болбой жатат.

Бүгүн Мекеге жакын Мина аймагында шарият амалдарын аткарып жүргөндөр кысылыштан улам, бири-бирине тебелеп, 310 адам каза болгонун Сауд Арабиянын атуулдук коопсуздук кызматы жарыя кылды. Ошондой эле 500дөй киши жаракат алганы кабарланууда.

Курман айт күнү миңдеген зыяратчылар Арафат тоосуна чыгып, Каба ташын айланып сыйынышат.

Расмий кабарларга ылайык, быйыл 164 өлкөдөн 1 миллион 300 миң адам ажылык зыяратка барган. (SE)

XS
SM
MD
LG