Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:13

Батыш Орусиянын Сирияга көмөгүнөн чочулоодо


Франция жана Британиянын коргонуу министрлери Парижде жолугуп, Орусиянын Сириядагы аскерий аракеттерин талкуулашты.

Франциянын коргонуу министри Жан-Ив Ле Дриан Орусиянын башкы максаты Башар Асадга колдоо көрсөтүү болсо, аны ачык айтышы керек деген пикирин билдирди. Британ министри Майкл Фаллон орустардын Сирияга аскерий киришүүсү улам күчөп, ансыз да чыңалып турган абалды оорлотууда деп эсептейт. НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг Москванын акыркы аракеттери аны да тынчсыздантып жатканын билдирди. Франция, Британия жана НАТОнун саясатчылары мындай билдирүүлөрүн Орусия Жер Ортолук деңизинде сентябрь жана октябрь айларында аскердик машыгуулар өтөрүн жарыялагандан кийин жасашты. 250 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган Сириядагы атуулдук согуш башталгандан бери Орусия бул өлкөнүн жакын өнөктөшү болуп келген.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG