Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

ЕАЭБ өлкөлөрү 43 ишкердик чөйрөсү боюнча кызматташат


Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр 43 кызмат көрсөтүү тармагы боюнча биргелешип иш алып барышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Евразия экономикалык комиссиясынын мүчөсү Данил Ибраев билдирди.

Соода-сатык, курулуш-архитектура, оңдоп түзөө, инженердик жана башка тармактарда кызматташууга Кыргызстан 16-октябрдан тарта толук кошулат.

Ушул тармактар алкагында биримдик ичиндеги каалаган өлкөдө катталып, каалаган өлкөдө ишмердик жүргүзүүгө болот. Ал эми салыктар ишкер иштеген өлкөнүн эрежеси менен төлөнөт. (МТо)

XS
SM
MD
LG