Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Кыргызстандык режиссердун фильми Орусиядагы фестивалга катышат


Орусияда «Артдокфест» документтүү кино фестивалынын 2015-жылдагы конкурстук программасына кыргызстандык Чынгыз Нарыновдун «Темир нан» («Металический хлеб») аттуу фильми тандалып алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Орусиядагы элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Фестиваль ушул жылдын 8 - 16-декабрында Москвада өтөт. Уюштуруучулар ага 25 миңден ашык көрүүчү келет деп күтүп жатышат.

“Артдокфест” автордук документалдуу фильмдердин фестивалы. Бардык жанрдагы жана багыттагы, форматтан тыш документалдык тасмалар көрсөтүлүүчү чыгармачыл майдан. (МТо)

XS
SM
MD
LG