Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:03

Өкмөт шайлоо коопсуздугун кароодо


Премьер-министр Темир Сариев шайлоо учурунда коопсуздукту камсыздоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын билдирди. Анын айтуусунда, учурда кырдаалды курчутуу аракеттери жок, бирок айрым партиялар туура эмес маалыматтарды таратышы мүмкүн:

-Булардын баарын эске алышыбыз керек. Алар ММК, интернет сайттарды курал катары пайдаланышы мүмкүн. Биз ага көңүл бурушубуз керек. Саясий партялар мурдагыдай ыплас ыкмаларды колдонушу мүмкүн.

Өкмөт башчы айрым партиялар добуш берүүчүлөргө кимге добуш бергениңер билинип калат деп, жалган маалымат менен коркутуп жаткандыгын да кошумчалады.

1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “биометрикадан өттү” деген жалган маалымдамалар даярдалган фактылар бар экенин кошумчалап, УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиевден бул фактыларды териштирүүнү өтүндү. Анын айтуусунда, ушундай ыкма менен чыр чыгаргысы келгендер бар.(EBM;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG