Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

БУУ Луганскиден эл аралык уюмдардын чыгарылышына кабатыр


Бириккен Улуттар Уюму Украинадагы жикчилдер көзөмөлдөп турган Луганск облусунун аймагынан эл аралык уюмдардын чыгаруу аракетине камтамачылыгын билдирди.

Орусиячыл жикчилдер бир катар эл аралык гуманатардык уюмдарга ушул апта соңуна чейин облус аймагынан чыгып кетүү талабын койгон. Уюмдун өкүлү Стивен Обрайен бул чечимди дагы бир ирет карап чыгууну сунуштады.

Мурдараак жикчилдердин тоскоолдугунан улам Украина чыгышындагы көмөккө муктаж аймактарга 16 миң тонна гуманитардык жардам жетпей калганы кабарланган. Мындан улам жергиликтүү ооруканаларда дары-дармек жетишпей, айрым операциялар үзгүлтүккө учураган.

Стивен Обрайендин айтуусунда, Донецк облусунда да БУУ баштаган эл аралык уюмдардын иштешине тыюу салган чечим кабыл алынышы ыктымал.

Адистердин белгилегендей, Украина чыгышындагы аталган эки облуста чет элдик уюмдардын ишмердигинин токтотулушу кышында кеминде 3 миллион адамдын жашоосун кооптуу абалга кептейт. (SE)

XS
SM
MD
LG