Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

КСДП жыйынына барбаган мугалимдер түшүнүк кат жазганын билдиришти


Парламенттик шайлоого ат салышып жаткан Кыргызстан социал-демократтар партиясы Жалал-Абад шаарында 24-сентябрда уюштурган жолугушууга барбай койгон мугалимдер түшүнүк кат жазышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” калаадагы №5 мектептин атын атоону каалабаган кызматкерлери билдирди. Мектеп директору Күлмара Мамытова муну жалган маалымат деп атады.

Ал арада аталган мектептин жумушчу телефонун КСДПнын штабы пайдаланып жатканы маалым болду. “Азаттык” радиосунун кабарчылары телефон чалган учурда ага жооп берген айым штаб мектеп менен жанаша жайгашканын, номурду КСДПга убактылуу беришкенин айтты.

Директор Мамытова номурду штабга берүү эч кандай мыйзамды бузбай турганын белгиледи. (SE\RsK)

XS
SM
MD
LG