Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

Обама менен Путин Украина маселесин талкуулайт


АКШ президенти Барак Обама менен Орусия президенти Владимир Путин келерки жумада БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйындары учурунда жолугушат. Бул сүйлөшүү эки мамлекет ортосундагы мамиле кескин сууй түшкөндөн бери алгач ирет өтөт.

28-сентябрга белгиленген жолугушууда эки лидер Украина жана Сирия маселесин талкуулашат.

Сүйлөшүү Москва тараптан Сирия президенти Башар Асаддын армиясына аскерий жардам күчөтүлүп жаткан учурга туш келүүдө.

АКШ бийлиги Орусиянын бул аракетин “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөш үчүн эмес, Асаддын режимин бекемдөөгө багытталган кадам катары сыпаттайт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG