Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Атамбаев кышка даярдыкты күчөтүүнү тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алып, кышка даярдык маселесин талкуулады.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, министр “Датка-Кемин” долбоорунун алкагында курулган подстанциялар жана электр линияларынын курулушунун мамлекетке пайдасы жөнүндө айтып, кыш мезгилинде көйгөйлөр аз болорун белгиледи.

Атамбаев суук күндөрдө элге сапаттуу кызмат көрсөтүүнү, кар түшкөнчө бүт даярдыктарды көрүү зарылдыгын эскертти. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG