Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Кочкор-Атада милиция башчысы пара менен кармалды


Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, ал камакта отурган адамдын ишин жаап берүү максатында шектүүнүн аялынан 100 миң сом сураган. Ыкчам кабардын негизинде, атайын кызматтын өкүлдөрү барып, милиция жетекчиси суралган акчанын 50 миң сомун алып жаткан учурда колго түшүргөн. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кочкор-Ата шаарындагы милиция бөлүмү Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук Ички иштер бөлүмүнө карайт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG