Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

БУУ гуманитардык кызматкерлери Луганскиден чыгарылууда


БУУнун Гуманитардык иштер боюнча агенттигинин жетекчиси Луганскинин орусиячыл бийликтери мекеменин кызматкерлерине аймактан чыгып кетүү буйругун беришкенин айтты.

Стефен Обрайн орусиячыл жикчилердин бир катар гуманитардык уюмдарга өз ишин аяктап, жума аягына чейин чыгып кетүү көрсөтмөсүнө камтамасын билдирип, бул чечимди кайра карап чыгууга чакырды.

Улуттар уюмунун өкүлү ырастагандай, ансыз да жикчилер июлда киргизген эл аралык уюмдардын катталышы тууралуу жаңы шарттардын айынан 16 миңге жакын гуманитардык жардам жеткирилбей, жергиликтүү ооруканаларда анестезия материалдары тартыш болуп, бир топ операциялар жасалбай калды.

Козголоңчулардын колундагы экинчи ири аймак - Донецкиде да БУУнун иши ушу тапта убактылуу токтоп, үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 150 миңдей киши ай сайын азык-түлүк таратуудан куру калууда , - деп кошумчалады Обрайн. Өкүл кыштын жакындашы менен 3 миллиондой киши кыйын абалга кептелиши ыктымал экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG