Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

26-сентябрга карата аба ырайы


Кыргызгидрометтен кабарлашкандай, 26-сентябрда Кыргызстандагы тоо кыркаларында, Алай өрөөнүндө, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында азыраак жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Түндүк- батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21,

Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,

Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 18...23 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн 7...9, күндүз 19...21 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG