Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Убактылуу тергөө абактарында кармалган 217 киши добуш берет


БШК төрагасы маалымдагандай, парламенттик шайлоого карата 2 млн. 700 миң шайлоочунун тизмеси түзүлдү. Шайлоочулардын арасынан тергөө абактарында жаткан кыргызстандыктардын миңден ашууну добуш берүү укугунан ажырайт.

Жазык аткаруу кызматынын өкүлү 25-сентябрда шайлоого даярдык тууралуу республикалык штабдын жыйынында маалымдагандай, тергөө абактарында добуш берүү 3-октябрда жүргүзүлөт.

Тергөө абактарында жаткан 217 киши биометрикалык маалымат тапшырган жана колдорунда паспорттору бар. Алар партиялардын расмий байкоочуларынын көзөмөлү алдында добуш бере алышат.

Дагы 500 чамалуу киши биометрикалык маалымат тапшырганы менен, документтери жоктугунан улам добуш бере алышпайт.

Булардан тышкары тергөө абагында кармалып турган 500 ашуун адам биометрикалык маалымат тапшырышкан эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG