Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Карим Лахаджи: Кыргызстанда сөз эркиндиги солгундап баратат


Баш кеңсеси Францияда жайгашкан Адам укуктары үчүн эл аралык федерациясынын президенти Карим Лахаджи Кыргызстанда укук коргоочулардын ишмердигин, сөз эркиндигин ооздуктоо күчөп баратканын билдирди. Федерациянын байкоосуна ылайык, бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент деп таануу, каржылоосун токтотуу өңдүү демилгелер, мыйзам долбоорлор муну тастыктайт.

Мындан сырткары, “Вечерний Бишкек” басылмасынын мисалында сөз эркиндигине да чектөө коюлуп жатканын белгилеген Лахаджи демократиялык багытты тандаган өлкө бийлиги мындай кадамга барбоосу зарылдыгын айтты. Ал өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууну мерчемдегенин, бирок ал ишке ашпаганын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Карим Лахаджинин Кыргызстанга жасаган беш күндүк сапары бүгүн аяктады. Бул аралыкта ал укук коргоочулар, жарандык коом өкүлдөрү жана журналисттер менен жолукту. Ошондой эле баш прокурордун орунбасары, Акыйкатчы институтундагылар менен сүйлөшүп, 2010-жылдагы июнь коогасы боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягында чейин камалган Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу маселесин талкуулады. (SE\AiA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG