Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Пентагон: АКШ менен Орусия Сирия боюнча кызматташышы мүмкүн


АКШнын коргоо министри Эш Картер Орусия Сирия президенти Башар Асадга каршы күрөшкөн байистүү козголоңчуларды бутага алышы мүмкүн деген Кошмо Штаттардын камтамасын билдирди.

Картердин айтымында, Орусия Асаддын душмандарына гана сокку уруунун ордуна "Ислам мамлекети" радикал уюмунун согушкерлерине каршы согушуп, кризисти саясий жол менен чечүүнү жактаса, анда Вашингтон менен Москва “кызматташуу чөйрөсүн табышы мүмкүн”.

Бирок Сириядагы жарандык уруштун отуна май тамызуу, албетте, оң натыйжа алып келбейт, - деди Пентагондун башчысы украин коргоо министри менен өткөргөн биргелешкен пресс-конференцияда. Картер АКШ менен Орусия "Ислам мамлекетинин" экстремисттерин Сириядан сүрүп чыгуу максатын бөлүшкөнү менен, Вашингтон Украинанын колдоосун уланта берет жана Орусиянын ал өлкөдөгү аскердик иш-аракеттерин айыптайт деп баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG