Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Сөз эркиндигин бузгандар башында Орусия менен Кытай турат


АКШнын Нью-Йорк шаарында кеңсеси жайгашкан “Журналисттерди коргоо” (CPJ) комитети Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына сөз эркиндигинин абалы жөнүндө докладын жөнөттү. Сөз эркиндигине доо кетирген мамлекеттер башында Египет, Орусия, Иран, Кытай, Нигерия, Мексика жана Эквадор турат.

Комитет өз докладында Иран алты жыл катары менен көп журналисттерди түрмөгө отургузганын да белгилеген. Ал эми Кытайда 44 журналист соттолгон.

Эл аралык укук коргоочулар белгилегендей, ушул жылдын май айында орус президенти Владимир Путин коргоо министрлигинин "тынч мезгилде атайын операциялар учурунда каза тапкандар" тууралуу маалыматты купуялоо тууралуу жардык чыгарган. Орусия мыйзамдары боюнча мамлекеттик сырды жарыялагандар жети жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындан тышкары Орусия бийлиги Крымда украиналык бир нече телеканалдарды жаап, алардын жыштыгын орусиялык телеканалдарга берген. (TSh)

XS
SM
MD
LG