Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

Аймактарга бюллетень жеткирүү иштери башталды


Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Жаркын Бапанованын билдиришинче, аймактарга бюллетень жеткирүү иштери 26-сентябрда түндөн тарта башталган. БШКнын акыркы маалыматына ылайык, учурда 2 млн. 714 миң шайлоо бюллетени даярдалды.

Алгачкы бюллетендер өлкөнүн Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы алыскы аймактарга жеткирилет. БШК бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына акт түзүү аркылуу тапшырат. Шайлоо бюллетендерин тапшырууга партия өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, массалык маалымат каражаттары катыша алат.

Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Жогорку Кеңешке 14 партия ат салышууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG