Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Саясий партиялардын добуш сатып албоосу тыкыр көзөмөлдөнөт


Башкы прокуратура саясий партиялардын добуш сатып алуу аракети аныкталса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында, партиялар үгүт иштеринде одоно мыйзам бузууга барса, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди же партияны тизмеден чыгарып салууга укуктуу.

Шайлоо мыйзамынын 28 - беренесине ылайык, үгүт иштери башталган күндөн тарта акча таратууга, шайлоочуларга баалуу белектерди тапшырууга, арзандатылган товар сатууга жана партиянын белгиси бар жеңил кийимдерден башка ар кандай буюм-тайымдарды таратууга болбойт. Партиялар тарабынан арзандатылган ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө да тыюу салынат.

Буга чейин премьер-министр Темир Сариев өкмөткө айрым саясий партиялар шайлоочуларды сатып алууга аракет кылып жатканы тууралуу маалыматтар түшүп жатканын айткан. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG