Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Мамaталиев Лахиджиден Аскаровдун ишине саясий боёк бербөөнү суранды


Кечээ, 25-сентябрда Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Адам укуктары үчүн эл аралык федерациясынын президенти Карим Лахаджи менен жолугуп, адам укуктары, адам укуктарына байланыштуу мыйзам долбоорлорду жана 2010-жылдагы июнь коогасы боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровго карата соттун чечимин өзгөртүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мамталиев Аскаровдун ишин саясий өңүттөн эмес кылмыш ишине карап баа берүүгө чакырып, өкмөт соттун чечиминен күмөн санабай турганын билдирди. Ал эми бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент деп таануу мыйзам долбоору парламенттен кабыл алынса, өкмөт аны аткарбай коюууга мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Баш кеңсеси Францияда жайгашкан Адам укуктары үчүн эл аралык федерациясынын президенти Карим Лахаджинин Кыргызстанда жасаган беш күндүк сапары 25-сентябрда аяктады. Бул аралыкта ал укук коргоочулар, жарандык коом өкүлдөрү жана журналисттер менен жолукту. Карим Лахаджи өз кезегинде Кыргызстанда укук коргоочулардын ишмердигин, сөз эркиндигин ооздуктоо күчөп баратканын билдирди. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG