Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

Орусия, Украина жана Еврокомиссия газ боюнча макулдашты


Өткөн түнү Брюсселде Орусия менен Украинанын энергетика министрлери Еврокомиссиянын энергобиримдик боюнча вице-президентинин катышуусунда 1-октябрдан 2016-жылдын март айынын аягына чейин газ жеткирүү боюнча эл аралык келишимди алдын ала тастыктап алышты.

Еврокомиссия эки тарап келишимдин техникалык шарттарын макулдашканы менен протоколдорго кол коер алдында эки тараптын тең өкмөтү макулдугун бериши керек деп билдирет.

Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча, Орусия Украинага газды арзан баада бериши керек. Ал эми Украина Европага үзгүлтүксүз газ өткөрүүгө кепилдик болушу шарт. Еврокомиссия ушул жылдын аягына чейин газга алдын ала төлөө үчүн Украинага кеминде 500 АКШ долларын табууга жардам берет.

Украина үчүн газдын 1 миң куб метрине (19 доллар ) арзандатуу менен 231 доллардан төлөйт. Мунай баасынын арзандоосу менен бул былтыркы жылдагы баага (385 доллар ) салыштырмалуу бир топ төмөн. Буга чейинки келишим боюнча газдын баасы мунайдын наркына байланыштуу өзгөрүп турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG