Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

Карылар күнүндө Бишкектеги миңден ашык карыяга жардам көрсөтүлөт


Калаа бийлигинин бюджетинен шаардагы 1100 карыяга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Учурда Бишкек шаардык мэриясында жардамдын суммасы аныкталып жатканын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары карылар күнүндө Улуттук филармонияда майрамдык салтанат өтмөй болду. “Карыларга кам көрүү жана жардам берүү” деген аталыштагы бир айлык иш-чарага улгайган адамдар үчүн бекер мончо, ысык тамак, кир жуучу кызматтарын уюштуруу каралган.

Учурда өлкө боюнча 60 жаштан улуу 408 миң адам жашайт. Былтыр Global AgeWatch Index рейтингинде Кыргызстан карыларга камкордук көрүү боюнча 96 өлкөнүн ичинен 49-орунду ээлеген. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG