Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Кытай-Кыргызстан газ түтүгү өтүүчү жерлердин чыгымын төлөп берүү каражаты чечиле элек


Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйында белгилүү болду. Кытай-Кыргызстан келишими тууралуу баяндама жасаган юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Оштун Чоң-Алай районундагы айрым айыл өкмөттөрдүн жерлерине кенемте төлөө маселеси чечилбегенин айтты.

Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев Чоң-Алайдагы газ түтүктөр өтүүчү жерлердин чыгымы 5 млн. сомдун тегерегинде болорун айтып, аны кыргыз тарап өзү чечсе болорун сунуштады.

Жеке менчик ишкана катары курулуп жаткан кыргыз-кытай газ түтүгү аркылуу жыл сайын 30 млрд. куб газ ташылат. Анын транзиттик акысы үчүн Кытай тарап Кыргызстанга жыл сайын 80 миллион доллар төлөйт. Аталган долбоор 2017-жылы ишке кирери мерчемделүүдө. (TSh/YI)

XS
SM
MD
LG