Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Украина грузиялык кримтөбөлдү депортациялады


Украинанын Николаев шаарынын тартип коргоо кызматкерлери Гела Тбилисский деген ат менен белгилүү грузиялык кримтөбөлдү өз өлкөсүнө жөнөттү.

Николаев облусунун кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин маалыматында, Гела Тбилисский Николаев шаарына жергиликтүү криминалитет менен мындан аркы мамилени түздөп, бизнесмендерди көзөмөлдөө аракетин жүргүзүү үчүн келген. Түшкөн маалыматтан кийин тартип сакчылар кримтөбөлдүн планына бөгөт коюп, ыкчам убакытта кайрадан Грузияга депортациялаганы билдирүүдө камтылган.

Интерполдун маалыматында, 49 жаштагы Гела Тбилисский буга чейин бир нече жолу оор кылмыш үчүн бир катар өлкөдө жоопкерчиликке тартылган. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG