Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Сариев: Ош шаарына жетиштүү инвестиция тартылбай жатат


Бүгүн, 26-сентябрда премьер-министр Темир Сариев Ош шаарында өкмөт биринчи жолу толук курамы менен көчмө жыйын өткөрүп жатканын билдирди. Сариев муну Ош шаарынын жана аймактарды өнүктүрүү үчүн жасалган кадамдар деп белгиледи.

Өкмөт башчы Ош шаарын өнүктүрүүгө жетишээрлик инвестиция тартылбай жатканын айтып өттү. Экинчи борборду өнүктүрүү үчүн алгач шаардын базасында траснспорттук - логистикалык борборду түзүү зарылдыгын, бул үчүн шаар ичиндеги негизги унаа жолдорду курууга ири көлөмдөгү инвестицияларды тартуу керектигин билдирди.

Сариев ушул өңдүү бир нече багыттарды өзүнө камтыган “Өнүгүү тепкичи” деп аталган атайын долбоор кыска мөөнөттө иштелип чыгат деп ишендирди. Анда кичи шаарлардын өзгөчөлүктөрүнө жараша өнүктүрүү пландарды иштелип чыгат. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG