“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын пресс-кызматынын өкүлү Тынычбек Мамаевдин айтуусунда, аталган партиядан талапкер Абдыманап Абдыбахаповду “Республика - Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев сабап, натыйжада ал Жалал-Абад шаардык ооруканасына жаткырылган. Мамаевдин билдиришинче, окуя Сузак районунун Атабеков айылында болгон. Ташиев “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын штабына кирип келип Абдыбахаповго кол көтөргөн.
Бул маалыматты Жалал-Абад милициясынан “Азаттыкка” тастыкташты. Бирок кылмыш иши козголо элек. Учурда жабырлануучунун сабалгандыгы боюнча экспертизалык текшерүү жүрүп жатат.
Азырынча араздашуунун так себеби белгисиз. “Республика - Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев бул боюнча комментарий бере элек. (TSh)