Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

БШК: Ташиевдин күнөөсү аныкталса чара колдонулат


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Канатбек Азиз партиялар ортосундагы чырда ким күнөөлүү болсо, ошол талапкер тизмеден чыгарылып, же ага эскертүү бериле тургандыгын “Азаттыкка” маалымдады.

Окуя 26-сентябрда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук штабында түштөн кийин болгон. Партиянын маалымат кызматынын өкүлү Тынычбек Мамаевдин ырасташынча, Камчыбек Ташиев "Өнүгүү-Прогресстен" талапкер Абдыманап Абдыбахаповго эч себепсиз кол көтөргөн.

Ал эми “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев бул окуяны атайын уюштурулган чагым, каралоо аракети деп баалады.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад милициясында кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG