Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Борбор Азияда Кыргызстандын массалык зомбулукка кабылыш ыктымалдыгы жогору


Мындай көрсөткүч америкалык “Алдын-ала эскертүү долбоорунун” изилдөөсүндө келтирилген. Анда белгиленген көрсөткүчкө ылайык Борбор Азия боюнча Кыргызстандын жай тургундарынын массалык зомбулукка кабылуу ыктымалдыгы жогору.

Аталган изилдөөнүн интернет сайтындагы маалыматка таянсак, массалык зомбулукка кабылуу ыктымалдыгы боюнча 162 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 39-орунда. Ал эми Казакстан 57-орунда, Тажикстан 72, Түркмөнстан 88, Өзбекстан 93-орундарды ээлешкен.

Долбоордун сайтында көптөгөн өлкөлөргө баа берилген. Изилдөө жыйынтыгы ар бир өлкөдөгү окуялар, интернеттеги маалыматтарды анализдөө жана эксперттер менен сүйлөшүү аркылуу чыгарылган. Долбоордун максаты ар кандай зомбулукктарды алдын-алууга багытталган.

Изилдөө жүргүзүлгөн өлкөлөрдүн ичинен массалык зомбулукка кабылуу ыктымалдыгы жогору делген өлкөлөрдүн сап башында Мьянма, Нигерия и Судан турат.

XS
SM
MD
LG