Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

“Ислам мамлекети” радикал уюму ооган аскерлерине кол салды


Ооганстандын чыгышындагы Нангахар чөлкөмүндө “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлери текшерүү бекеттерине кол салышты. Жергиликтүү бийликтин маалымат өкүлү Ахмад Зия Абдулзайдын айтуусунда, 3 полициячы окко учту, 8 киши жарадар болду.

Абдулзай радикал согушкерлер провинциянын 3 районунда бар экенин, бирок буга чейин алар аскерлерге кол салышпаганын белгиледи. Коопсуздук күчтөрү окуядан кийин дароо сокку уруп, 60 чакты радикал жок кылынды. Ал эми Ачин районунун губернатору Хажи Галиб АФП агенттигине 10 текшерүү бекетине чабуул коюлганын айтты.

Ооганстанда “Ислам мамлекети” тобуна жан тарткандар жана радикалдардын катарына кошулгандар көбөйүп баратат.

XS
SM
MD
LG