Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Мекеден зыяратчылардын алгачкы тобу Кыргызстанга кайтышат


Бүгүн Сауд Арабияга ажылык сапарга кеткен кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу кайтып келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди. Акыркы топ 15-октябрда кайтат.

Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга 3 685 киши кеткен. Атабаев кыргызстандык зыяратчылардын баары аман-эсен, кырсыктан тыш экенин белгиледи.

Быйыл Мекеде бир нече кырсык катталды. Алгач ири мечитте шамалдан улам кран кулап, жүздөн ашуун адам өлгөн. Ал эми Сауд Арабиясында ажылык сапар учурунда тебелендиде калып өлгөн зыяратчылар саны 700дөн ашты. 800 ашуун адам кырсыктан жабыр тартышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG