Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Каталония: шайлоодо көз карандысыздыкты жактоочулар жеңди


Жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо Каталониянын Испаниядан бөлүнүп, көз карандысыз өлкө болушун жактагандар жеңди, - деп жазат Би-Би-Си. “Көз карандысыздык үчүн бирге” коалициясына бириккен жикчилдер Каталония автономдук облусундагы парламентте 135 орундун 62син алмай болду. Мындан сырткары аймактын бөлүнүшүн колдоп келген оңчул партия 10-13 орунга ээ болот.

Коалиция жетекчилери шайлоодогу жеңиш 1,5 жылдын ичинде бир тараптуу өз алдынчалык жарыялоого өбөлгө түзөт деген ишеничте турат. Испания өкмөтү мындай аркеттер сот аркылуу чечилерин жана ага жол берилбестигин билдирүүдө.

Өткөн жылдын 9-ноябрында Каталонияда расмий Мадриддин каршылыгына карабай чөлкөмдүн өз алдынчалыгы боюнча референдум өткөн. Референдумдун жыйынтыгы мыйзамдык күчкө ээ болбогону менен ага эки миллион адам катышып, 80% Испаниядан бөлүнүүнү колдогон.

Каталония Испаниянын түндүк-батышында жайгашкан, экономикалык жактан өнүккөн аймак. Саны жети жарым миллионго жеткен каталониялыктардын маданияты жана тили Испаниянын башка бөлүктөрүндөгү калктардан кыйла айырмаланып турат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG