Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Ажыга кеткендердин алгачкы тобу Ошко учат


Бүгүн Сауд Арабияга ажылык сапарга кеткен кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Ош шаарына кайтып келишет. Азырынча авиакаттам Жидда-Ош багыты боюнча аткарылууда. Экинчи каттам эртең Ош шаарына келип конот. Жидда-Бишкек багытындагы авиакаттамдар 30-сентябрдан тарта аткарыла баштайт.

Муфтияттан кабарлашкандай,15-октябрга чейин 18 каттам аткарылып, ар биринде 4 ажы башчы жана 196 зыяратчы кайтат.

Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга алгач 3 685 киши кеткен. Андан соң дагы 500 квота бөлүнгөн.

Быйыл Мекеде бир нече кырсык катталып, жүздөгөн зыяратчылар каза болду. Муфтият кыргызстандык ажылардын баары аман-эсен экенин билдирген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG